Аялдардын күнүмдүк айрым адаттары эмчек рагына себеп болушу мүмкүн

1 ноябрь 2023 12:12 1246 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Онколог эмчек рагынын өнүгүшүнө таасир этүүчү негизги факторлорду атады. Бул тууралуу дарыгерлердин кеңешине шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Казакстандын онкология жана радиология илим-изилдөө институтунун эмчек шишиктери борборунун жетекчиси, профессор, медицина илимдеринин доктору Алия Абдрахманованын айтымында, олуттуу факторлордун бири – гормоналдык дарыларды колдонуу.

"Провокациялоочу факторлор көп. Алардын бири - гормоналдык дарыларды көзөмөлсүз колдонуу, биз азыр өз алдынча дары-дармекти колдонгонду жакшы көрөбүз. Кандай гана дары болбосун дарыгер жазып бериши керек, бул милдеттүү. Өспүрүм кыздар бойго бүтүрбөөчү каражаттарды ичишет. Аптекалардан же курбуларынын кеңеши менен ичишет.

Экинчиден, физиотерапиялык процедуралар, өзгөчө 40 жаштан кийин аялдар үчүн олуттуу. Биздин аялдар сауналарды жакшы көрүшөт. Бирок аялдын органдарын өтө ыссыка кактоо сунушталбайт”,-деп түшүндүрөт онколог.

Дарыгердин айтымында, эмчектеги жаракаттар да эмчек рагын пайда кылышы мүмкүн.

"Бизге аялдар көкүрөгүнүн жарымында гематома менен кайрылышат - бул дагы ооруну козгойт. Сүт безинин травмасы коркунучтуу фактор! Андан тышкары дагы бир фактор, менимче, стресс. Учурда биздин аялдар эркектерге караганда көбүрөөк иштешет. Мындан тышкары, аларда материалдык жана каржылык көйгөйлөр, үй, күнүмдүк турмуш, үй-бүлө, өзүнө убакыт жок», - дейт профессор.

Дарыгердин айтымында, акыркы убакта эмчек рагы жашарып баратат.

«Тилекке каршы эмчек рагы өтө актуалдуу маселе, анткени аялдардын онкологиялык оорулары арасында биринчи орунда турат. Ал эми, мурда 50-60 жаштагы аялдарда болсо, азыр тилекке каршы 20-30 жаштагы кыздар эмчек рагы менен келип жатышат. Алар болгондо да, эмчек рагынын өтө агрессивдүү мутацияланган генотиптери менен келип жатышат. Сүт бези сырткы локализация болуп эсептелет жана аны аныктоо анчалык деле кыйын эмес. Биз өзүбүз териден, эмчектен кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү көргөндө, биз байкабайбыз. Бирок, бул өтүп кетет деп күтпөстөн, дароо адистерге кайрылганыңыз жакшы ", - деп кошумчалады дарыгер.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, эмчек рагы дүйнө жүзү боюнча аялдар арасында эң кеңири тараган рак болуп саналат, бул аялдар арасындагы рак оорусунун 16 пайызын түзөт.

Эмчек рагын өз убагында диагноз коюу менен бейтаптарды толук айыктыруу 95 пайызга чейин жетет.

Ссылка: https://barometr.kg/ayaldar-knmdk-adat-katary-katary-koldonup-zhrgn-nerseler-emchek-ragyna-sebep-bolushu-mmkn



Добавить комментарий