Айымдарга анын көтөргөн сумкасы кандай таасир берет?

14 сентября 2022 09:50 5201 Barometr
Поделиться в:
ok

Ар бир аялзаты сумка көтөрүп жүргөндү жакшы көрөт эмеспи.Ага документтер, акча, ачкыч жана керектүү буюмдар салынат. Биоэнергетиктер бул жөнөкөй буюмга көп сыр катылганын barometr.kg менен бөлүштү. Төмөндө айымдарга алар тууралуу сунуштайбыз.

Сумка бул латын тилинен которгондо «sauma”-токулган ээр деген маанини берет. Өзүн сыйлаган аялдар жакшынакай жана кымбат баалуу сумка сатып алыша турганы психологиялык изилдөөдө белгилүү болгон. Аялдарга мырзалар сумка белек кылса алар үчүн эң жагымдуу белек болору дагы аныкталган.

Аялдын сумкасына карап анын жашоосу дешет жеке инсандык сапатын аныктоого болот дешет психологдор. Сумкасы иреттүү болбогон аялдын ушул тапта дагы жашоосунун ирети жок болуп жатат деп эсептелинет.

Канчалык сумкаңыздын ирети болбосо ошончолук жашоо энергияңызды көп жоготуп жатканыңыздын белгиси.

Ошондуктан аны иретке келтирүүнү сунуштайбыз. Бул аялдын мээсинде иреттүүлүктү пайда кылып, тигил же бул иште чечим кабыл алуусун тездетет.

Сумкада акчалар тоголоктошуп чачылып турбашы керек жана анын ичи таза болгону дурус.

Кереги жок, колдонулган билеттер, керексиз кагаздар, квитацияларды алып салыңыз.

Айрыкча ишкер айымдын сумкасы мүмкүн болушунча баалуу жана сапаттуу болууга тийиш. Бул аялдын каржылык жактан жолдуу болушуна мүмкүндүк берет деп коюшат.

Эгерде жашооңузду өзгөрткүңүз келип жатса анда жаңы сумка сатып алыңыз дешет биоэнергетика жаатындагы адистер.  

Жогоруда саналган бир нече сунуштарды өз жашооңузга тажрыйба кылып көрүңүз, жыйынтыгы көпкө күттүрбөйт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ajymdarga-anyn-ktrgn-sumkasy-kandaj-taasir-beret



Добавить комментарий