БУУ: Газа тилкесинде набыт болгондордун 70 пайызы аялдар жана балдар

31 октябрь 2023 11:03 1205 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Палестина-Израиль чыры башталгандан бери Газа тилкесинде каза болгондордун 70 пайызга жакынын аялдар жана балдар түзөт. Бул тууралуу БУУнун палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттигинин (UNRWA) башкы комиссары Филипп Лазарини билдирген маалыматка шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

«Өлтүрүлгөндөрдүн 70 пайызга жакыны аялдар жана балдар», - деп билдирет ТАСС БУУнун өкүлү.

Лазаринин айтымында, үч жумада Палестинанын анклавында дээрлик 3,2 миң бала каза болгон.

Анын айтымында, Израиль Газадагы карапайым калк баш калкалоочу жай табууга аракет кылган диний имараттар, ооруканалар жана баш калкалоочу мекемелерин аткылоодо.

"Газа тилкесин азыркы курчоого алуу жамааттык жаза", - деди Лазарини.

Буга чейин, радикал ХАМАС кыймылы Израилдин премьер-министри Нетаньяхудан тез арада туткундарды алмаштырууну талап кылган үч барымтадагы видеону жарыялаган. Нетаньяху видеону ХАМАСтын “ырайымсыз психологиялык пропагандасы” деп атап, барымтадагыларды бошотуу үчүн “бардык аракеттерди көрүүгө” убада берген.

25-октябрга карата ХАМАС 222 туткунду кармап турган. Радикалдар Израилдин түрмөлөрүндө жаткан бардык палестиналык туткундардын 6 миңге жакын адамдын эркиндиги үчүн туткундагы адамдарды бошотууга даяр.

Ссылка: https://barometr.kg/buu-gaza-tilkesinde-nabyt-bolgondordun-70-pajyzy-ayaldar-zhana-baldar



Добавить комментарий