Зидан “Реалдан” кеткен себебин айтып берди

31 май 2021 13:39 1716 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Зинедин Зидан "Реал Мадриддин" башкы машыктыруучусу кызматынан футбол клубунун жетекчилигинин ишеними жана колдоосу жоктугунан улам кеткенин айтты. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.

"Мен кеттим, бирок машыктыруучулуктан тажабайм. 2018-жылы май айында кеткем, анткени эки жарым жылдан бери көптөгөн жеңиштер менен кубокторго ээ болуп, командага эң жогорку деңгээлде калуу үчүн жаңы ыкма керек деп ойлогом. Азыр абал башкача, мен кетип жатам, анткени клуб мага ишенбей калды деп ойлойм. Орто же узак мөөнөттө бир нерсе курууга колдоо жок. Мага ушул керек болчу. Мен футболду түшүнөм жана “Реал Мадрид” сыяктуу клубдун талаптарын билем. Жеңишке жетпей калганда кетиш керектигин билем. Бирок, ошол эле учурда, менин күндөн-күнгө жараткан нерселеримдин бардыгы, команда менен жана анын жанында иштеген 150 адам менен оюнчулар менен мамиле түзгөнүмдүн бардыгы унутулуп кетти ", - деди Зидан.

Эске сала кетсек, Зидан “Реалдан” 27-майда кеткен. Франциялык адис буга чейин Чемпиондор Лигасын жеңип алгандан кийин 2018-жылы “Реал Мадриддин” башкы машыктыруучусу кызматынан кеткен, бирок 2019-жылдын март айында кайрадан Мадрид командасын жетектеген. Ушул сезондо падышалык клуб Испания чемпиондугунда экинчи орунду ээлеп, Чемпиондор Лигасынын жарым финалына өттү.

“Реал Мадриддин” машыктыруучусу катары үч жолу Чемпиондор Лигасын, Испания Чемпионатын, Улуттук Суперкубокту, Клубдар арасындагы Дүйнөлүк Кубокту жана УЕФАнын Суперкубогун эки жолу жеңип алган.

Ссылка: https://barometr.kg/zidan-realdan-ketken-sebebin-ajtyp-berdi



Добавить комментарий