Жүзгө чыккан байбиче узак жашоо сырын ачты
Американын Нью-Йорк штатынын Норт-Тонаванда шаарынын тургуну жүзгө чыкты. 100 жаштын тамагын ичип жаткан Ленор Кэрролл мынчалык узак жашаганына өзү дагы таң калып жатканын айтат.
Себеби ал буга чейин рак илдетине чалдыгып, андан сакайган. Азыркы учурда карылар үйүндө жашайт. Ал карта ойноп, лотереяга кызыгып, маалыматтарга көз салып турат.
Кэрролл мынчалык узак жашоосунун сыры анын жакындарына жана досторуна аябай күйүмдүү болуп, аларды жакшы көргөнү менен түшүндүрөт. Учурунда ал жашаган шаарында биринчилерден болуп кан борборун уюштурган. Элге сасык тумоого карата эмдөө жүргүзүүгө жардам берип, жолдошу менен ар бир майрам сайын парад үчүн ар кандай фигураларды жасашкан. Андан сырткары аз камсыз болгон жана жашоо шарты начарларга бекер тамак ташып да иштеген.
Ссылка: https://barometr.kg/zhzg-chykkan-bajbiche-uzak-zhashoo-syryn-achty
Добавить комментарий ×