Дүйнөдөгү эң бышык унаалар аныкталды. Рейтинг

24 ноябрь 2020 12:15 4952 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Америкалык Consumer Reports журналынын талдоочулары дүйнөдөгү эң ишенимдүү автоунааларды чыгарган бренддердин рейтингин түзүштү. Бул тууралуу аталган журнал жазган маалыматка таянып Барометр” которду.

Тизменин биринчилигине жапондордун "Мазда" компаниясы 83 упай менен алдыга озуп чыкты. Эксперттердин айтымында, эң ишенимдүү моделдер: MX-5 Miata, CX-30, CX-3.

Рейтингде экинчи орунду Toyota бренди ээледи (74 упай). Адистер Prius, Corolla жана Prius Prime үлгүлөрүн ишенимдүү унаа катары белгилешти. 

Үчүнчү орунду 71 упай менен “Лексус” унаасы алды. Эң ишенимдүү аналитикалык моделдер UX, NX жана GX деп аталат.

Ошондой эле, алдыңкы ондукка Buick, Honda, Hyundai, Ram, Subaru, Porsche жана Dodge сыяктуу автоунаа өндүрүүчүлөр кирген.

Ссылка: https://barometr.kg/djnnn-e-byshyk-unaalary-anyktaldy-rejting



Добавить комментарий