Дүйнөдө коронавирусту жугузгандар үч күндөн бери рекорддук көрсөткүчкө жетүүдө
Бөлүшүү:
Дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алган учурлардын саны 37 миллиондон ашты. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) сайтында жарыяланган маалыматка таянып "Барометр" билдирет.
Уюмдун маалыматы боюнча, дүйнөдө бул илдет 37 109 851 учур тастыкталды, COVID-19 менен ооругандардын арасында каза болгондордун саны 1 070 355 адамды түзөт.
Дүйнөдө коронавирустук инфекциянын жаңы учурларынын саны үчүнчү күн катары менен рекорддук көрсөткүчкө жетүүдө, акыркы суткада COVID-19 тастыкталган 383 359 бейтап катталды.
Сентябрдын аягында, БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерреш коронавирус пандемиясынын курмандыктарынын саны абдан тез өсүп жатканын айткан. Кыйынчылыктарды биргелешип жеңүү үчүн өлкөлөрдү кызматташууга чакырган.
Добавить комментарий ×