Жыргалаң суусуна Нива үлгүсүндөгү унаа түшүп кетип, эки адам каза болду

26 ноябрь 2018 10:05 963 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл облусуна караштуу  Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусуна Нива түшүп кетип, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.  

Анда айтылгандай, окуя 2018-жылдын 25-ноябрь күнү саат 14:43 чамасында Жыргалаң-Каракол унаа жолунун 50-чакырымында болгон. Каза болгондор бир аял, бир эркек адам экендиги айтылууда. 

Куткаруучулар унааны суудан чыгарышып, каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Ссылка: https://barometr.kg/zhyrgala-suusuna-niva-lgsndg-unaa-tshp-ketip-eki-adam-kaza-boldu



Добавить комментарий