Садыр Жапаров Ысык-Көлдө 9-эл аралык марафонго старт берди
Бүгүн, 15-майда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо «Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization» 9-эл аралык марафонго старт берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Мамлекет башчысы XXII Олимпиадалык оюндар марафонунун чуркоо боюнча коло сыйлыгынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, аларга чың ден соолук, спортто чоӊ ийгиликтерге жетишүүнү каалады.
«Марафондун максаты сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу, калкты дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу болуп саналат. Андан тышкары, спорттук-массалык иш-чаралар аркылуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөө, эл аралык достук, спорттук байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү, ошондой эле аймактагы күчтүү марафончуларды аныктоо. 2019-жылдын 1-декабрында Куньмин шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Куньмин марафону жана Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум түзүлгөн», - деп белгиледи Садыр Жапаров.
Президент 2020-жылдын аягында Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону «квалификациялык» деп таанылганын, марафондун нормативин толтурган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо берилерин баса белгиледи.
Мамлекет башчысы 2021-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону World Athletics жарыялаган Label Road Races жарыш календарына киргендигине токтолду. Ал календарь 6 континенттин 49 өлкөсүндөгү 191 марафонду камтыйт. Календарь Осакадагы аялдар марафону менен башталып, 11 айдан кийин Мадридде, Больцанодо, Сан-Паулудо аяктайт.
«Спорт — ден соолук, ден соолук — элдин байлыгы, дени сак улут — өнүккөн өлкө деп бекеринен айтылбайт! Спорт адамды физикалык жактан чыңдайт", - деп билдирди Садыр Жапаров.
Ссылка: https://barometr.kg/prezident-sadyr-zhaparov-ysyk-kld-9-el-aralyk-marafongo-start-berdi
Добавить комментарий ×