Жыргалаң суусуна Нива үлгүсүндөгү унаа түшүп кетип, эки адам каза болду
Поделиться в:
Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусуна Нива түшүп кетип, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Анда айтылгандай, окуя 2018-жылдын 25-ноябрь күнү саат 14:43 чамасында Жыргалаң-Каракол унаа жолунун 50-чакырымында болгон. Каза болгондор бир аял, бир эркек адам экендиги айтылууда.
Куткаруучулар унааны суудан чыгарышып, каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/zhyrgala-suusuna-niva-lgsndg-unaa-tshp-ketip-eki-adam-kaza-boldu
Добавить комментарий ×