Эдил Байсалов Ысык-Көл облусунда жумушчу сапары менен жүрөт

27 январь 2022 20:52 1619 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ысык-Көл облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Басма сөз кызматынын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Эдил Байсалов Чолпон-Ата шаарындагы маданий-тарыхый маанидеги бир катар объектилерди кыдырды.

Ал «Алтын Балалык» медициналык реабилитациялык борборунун иши менен таанышты. 

Белгилей кетсек, аталган комплекстин иши өлкөдөгү аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн, атап айтканда, балдардын жана энелердин ден соолугун калыбына келтирүүгө багытталган.

Андан соң Байсалов негизги экспозициялык жана тематикалык залдарды камтыган Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругуна барды. Музейде тарых, археология, көчмөндөрдүн тиричилик буюмдары коюлган. 

Эдил Байсалов Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте музейдин жаңы имаратын куруу боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.

Андан соң ал Чолпон-Ата шаарындагы «Чолпон» кинотеатрында болуп, аталган объектинин абалы менен таанышты.

Ссылка: https://barometr.kg/edil-bajsalov-ysyk-kl-oblusunda-zhumushchu-sapary-menen-zhrt



Добавить комментарий