Жылуу кийиниңиз. 4-октярдан баштап күн сууктап, тоолуу райондорго кар түшөт
Эртең 4-октябрда күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу кыргызгидрометтин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Өлкө боюнча 4-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жамгыр жаашы мүмкүн.
5-6-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.
Талас облусунда 4-октябрда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
5-6-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
Ош облусунда 4-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
5-6-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
Жалал-Абад облусунда 4-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
5-6-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
Баткен облусунда 4-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
5-6-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
Ысык-Көл облусунда 4-5-октябрда жана 6-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
6-октябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
Нарын облусунда 4-5-октябрда айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
6-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
7-8-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.Абанын температурасы олуттуу өзгөрбөйт.
Ссылка: https://barometr.kg/zhyluu-kijiniiz-4-oktyardan-bashtap-kn-suuktap-toolurajondorgo-kar-tsht
Добавить комментарий ×