Жылуу кийиниңиз. 4-октярдан баштап күн сууктап, тоолуу райондорго кар түшөт

3 октября 2022 16:07 1608 Barometr
Поделиться в:
ok

Эртең 4-октябрда күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу кыргызгидрометтин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Өлкө боюнча 4-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жамгыр жаашы мүмкүн.

5-6-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Талас облусунда 4-октябрда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

5-6-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Ош облусунда 4-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

5-6-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Жалал-Абад облусунда 4-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

5-6-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Баткен облусунда 4-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

5-6-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Ысык-Көл облусунда 4-5-октябрда жана 6-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

6-октябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Нарын облусунда 4-5-октябрда айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

6-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

 7-8-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.Абанын температурасы олуттуу өзгөрбөйт.

Ссылка: https://barometr.kg/zhyluu-kijiniiz-4-oktyardan-bashtap-kn-suuktap-toolurajondorgo-kar-tsht



Добавить комментарий