Лейлекте жылкы издеп кетип курман болгон жаранды көчкү басып калган
Бөлүшүү:
Маалым болгондой, Лейлек районунун тургуну жылкы издеп кеткен боюнча дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат ММКлар аркылуу тараган эле. Бүгүн, 3-декабрдан 4-декабрга караган түнү түнкү саат үчтөр чамасында жарандын сөөгү табылганы айтылган. Аны көчкү басып калгандыгы белгилүү болду.
Бул тууралуу маалыматты Лейлек районуна караштуу ӨКМдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, маркумдун денеси бүгүн эртең менен жакындарына өткөрүлүп берилген. Ал Катыраң айылынын тургуну болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/zhylky-izdep-ketip-zhogolgon-lejlektik-kishinin-sg-tabyldy
Добавить комментарий ×