Шашылыш билдирүү! Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү жүрүшү күтүлүүдө

7 февраль 2024 13:51 1275 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Шашылыш билдирүү!  Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-9-февраль күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү жүрүшү мүмкүн. 

“Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусу, 198-260-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 55-115- чакырымы, Ала –Бука – Каныш –Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусу жана Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымындарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот”, -деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алыскы жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун тамак-аш жана ысык суу алууну унутпоого чакырат.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Кандайдыр бир кырсыкка күбө болсоңуз "112" кызматына чалып, жардам чакырыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат.





Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-bishkek-osh-unaa-zholunda-kar-kchk-zhrsh-ktld



Добавить комментарий