Жылаңач моделдер Дубайдын абактарындагы абалды айтып берди

16 апрель 2021 10:36 1773 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Дубайдагы жылаңач моделдер менен болгон чуулгандуу фотосессиянын эки катышуучусу Instagram баракчаларына түрмөдөгү күнүмдүк жашоосу тууралуу жарыялашты. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Кыздардын айтымында, алар сегиз күн темир тор артында отурушкан.

"Бизди экинчи кабаттагы караңгы бөлмөгө жөнөтүштү. Бул жерде өзгөчө кооптуу абактагылар үчүн камера бар экен. Биринчи түнү биз эмне болуп жаткандыгын түшүнгөн жокпуз, эртең мененкиге чейин тамактанган жокпуз. Эртең менен тамактануу үчүн ойгондук. Эртең мененки тамак аларда таңкы саат төрттө болот экен. Алар бизге кичинекей үч бурчту табакка сыр, лаваш, бир аз кыям жана чай алып келип беришти", - деп абактагы жашоону сүрөттөп беришти кыздар.

Кыздар абакта аларды текшерүү үчүн жарым саат сайын ойготуп, уктай албай жатышканын айтышат. Абакта өткөргөн  убакыттын ичинде алар жакындары менен байланышкан эмес.

Кыздар эми, саякаттап барган өлкөлөрүнүн мыйзамдарын сөзсүз окуй тургандыктарын, бирок БАЭге кайрадан келиши күмөн экендигин белгилешти.

Эске салсак, Дубайдагы эң бийик имараттын балконунда жылаңач сүрөткө түшкөн 40 кыздан турган топ кармалган. ЖМКлардын маалыматына караганда, алардын арасында Украина, Россия, Молдова жана Беларуссиянын жарандары болгон.


Ссылка: https://barometr.kg/zhylaach-fotosessiya-zhasap-karmalgan-kyzdar-dubajdyn-abaktaryndagy-zhashoo-tuuraluu-ajtyp-berdi



Добавить комментарий