Дубайда жылаңачтанып алып, фотосессия жасап жаткан кыздар камакка алынды
Дубайдын эң престиждүү деп эсептелген имаратынын балконуна жылаңачтанып чыгып алып, сүрөткө түшүп жаткан кыздар полиция тарабынан камакка алынды. Бул тууралуу Sky News сайты жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Буга чейин, ондон ашык жылаңач кыздар Дубай Марина районунда жайгашкан көп кабаттуу имараттын балконунан фотоссесия жасап жаткандагы сүрөт жана видеолор социалдык тармактарга таркап кеткен.
Бул видео араб шейхтеринин да көңүлүн бурдуруп, кыжырына тийген.
Натыйжада, фотосессиянын катышуучулары полиция кызматкерлери тарабынан камакка алынган. Ошондой эле, бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, прокуратурага өткөрүлүп берилгендиги кабарланды.
Маалыматта, порнографиялык материалдарды таратканы үчүн, ошондой эле өлкөнүн мыйзамдарына жана шариатка туура келбеген аракеттери үчүн кыздарга ири өлчөмдө айып пул салынып, эркинен ажыратылышы мүмкүн экени айтылган.
"Бул кечирилгис жүрүм-турум Эмираттын коомунун баалуулуктарын жана этикасын чагылдырбайт", - деп айтылат полициянын билдирүүсүндө.
Ошондой эле прокуратура жергиликтүү тургундарды социалдык тармактардагы балдар жана өспүрүмдөр кире алган басылмаларга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.
Ссылка: https://barometr.kg/dubajda-zhylaachtanyp-alyp-fotosessiya-zhasap-zhatkan-kyzdar-kamakka-alyndy
Добавить комментарий ×