Дубайда жылаңачтанып фотосессия жасап жаткан кыздардын көбү украиналык болуп чыкты

6 апреля 2021 09:54 2208 Barometr
Поделиться в:
ok

Дубайда жылаңач сүрөткө түшүп жатып, полиция тарабынан кармалган 11 кыз Украинанын жарандары болуп чыкты. Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"3-апрелде Дубай полициясы коомдук адеп-ахлакты бузгандыгы үчүн бир топ адамды кармады. Алдын ала маалыматка ылайык, кармалгандардын арасында Украинанын 11 жараны бар. Украинанын Дубайдагы консулдугу бул иш боюнча толук маалымат алып, кыздардын укуктарынын корголушу тууралуу иш алып барат”, - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, 6-апрелде Украинанын консулу кармалган кыздардан кабар алары маалымдалды.

Белгилей кетсек, Дубайда көп кабаттуу имараттын балконунан жылаңач сүрөткө түшкөн 40 кыздан турган топ кармалган. Маалым болгондой, алардын арасында Украина, Россия, Молдова жана Беларуссиянын жарандары болгон.

БАЭде аялдардын мындай одоно тартип бузуусуна карата мыйзамдар катаал, ошондуктан, кармалгандар алты айга чейин эркинен ажыратылышы жана айып пул төлөшү мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/dubajda-zhylaachtanyp-fotosessiya-zhasap-zhatkan-kyzdardyn-kb-ukrainalyk-bolup-chykty



Добавить комментарий