Жыл жыйынтыгын кантип чыгару керек?
Белгилүү психолог Михаил Лабковский өтүп бара жаткан жылдын жыйынтыгын кантип чыгаруу керек экенин айтты.
«Мен абалды туура баалону сунуштайм. Мен сунуштап отурган тест сиздин кандай өмүр сүрүп жаткандыгыңызды ачыктайт. Ошону менен кечээки күнүңүздү эске түшүрүңүз. Эгер аны окуялар менен иш-аракеттерге бөлүү кыйын болсо калем менен кагаз алыңыз. Ошол кагазга эмне жазсаңыз дал ошондой өмүр сүрүп жататсыз деген сөз. «Эртең менен туруп, тамак ичип, жумушка кеттиңизби» же «Эртең менен туруп, тамак ичип, балаңыз менен ойноп, сейилдеп келдиңизби», кайсы мисалды көрсөтсөңүз да ал сиздин жашоо салтыңыз деген сөз. Эң башкысы өз өмүрүңүзгө ыраазы болуу. Өз үй-бүлөңүзгө, жумушуңузга, балаңызға, жашооңузга ыраазы болуу. Күндүн тизмесиндеги кандайдыр бир маанилүү күндөрдү күтүүнүн кереги жок»-дейт психолог.
Ссылка: https://barometr.kg/zhyl-zhyjyntygyn-kantip-chygaru-kerek
Добавить комментарий ×