Журналистке кол салып акча, телефонун тартып алган жаран кармалды

24 ноябрь 2022 14:02 872 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте журналист Бактурсун Жоробековго кол салып, телефонун жана акчасын тартып алган жарандар кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБнин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Милиция кызматкерлери каракчылыкка шектүүнү кармашкан.

“ 27-октябрында жаран Ж.Б. аттуу белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда, үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында саат 23:00 чамасында борбор калаанын көчөлөрүнүн биринен физикалык күч колдонуп, ачык түрдө 10 миң сомдук “Самсунг галакси J2” уюлдук телефонун жана 3 миң 500 сом өлчөмүндөгү накталай акчасы бар капчыгын тартып алышып,  белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факт Ленин РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталып, Кыргыз Республикасынын  Жазык кодексинин 206-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.  

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББгы жана Ленин районунун ИИБнын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка катыштыгы бар шектүүлөрдүн  бирин изи сууй электе 2000-жылы туулган  А.К. кармалып, Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген. 

Андан соң,  Кыргыз Республикасынын  Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармаачу изоляторуна  киргизилип, Бишкек шаарынын Ленин райондук соту  тарабынан шектүүгө карата Бишкек шаарынын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандалган.

Учурда, милиция кызматкерлери тарабынан экинчи шектүүнүн дарегин аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө жана издөө иш-чаралары улантылууда”, -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/zhurnalistke-kol-salyp-akcha-telefonun-tartyp-algan-zharan-karmaldy



Добавить комментарий