Карлсонду Путинден маек алар алдында АКШнын чалгын кызматы көзөмөлдөп турган

21 февраль 2024 18:33 2024 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Америкалык журналист Такер Карлсон орус президенти Владимир Путин менен маектешүү алдында АКШнын атайын кызматтары тарабынан көзөмөлдөнүп турган. Бул тууралуу Карлсондун Blaze басылмасына берген маегине шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Карлсондун айтымында, орус президентинен интервью алууга эки жыл даярданган. 

 «Мага The New York Times гезитинин журналисти чалды, ошол эле басылманын башка кабарчысы досума чалыптыр, алар Путин менен качан интервью болорун сурашкан. Алар качан интервью болору тууралуу биле алышкан жок. Мен эч кимге айткан жокмун, жубайыма да, продюсериме да,  балдарыма да .

 Кыязы, алар интервью тууралуу маалыматты ачыктап, маекти үзгүлтүккө учуратыш үчүн The New York Times гезитине чыгарып салышты», - деди журналист.

Карлсон интервьюну даярдоого эки жылдай убакыт кеткенин айтты.

Москва макул болуп, эгер алдыдагы боло турган маек тууралуу кабар кайдадыр тарап кетсе, иш-чара жокко чыгарыларын эскерткен”, -деп билдирген Карлсон.

Журналист АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги аны аңдыган деп ишенет.

Путиндин Карлсон менен болгон маеги 9-февралга караган түнү жарыяланган. Эки саатка созулган сүйлөшүүнүн олуттуу бөлүгү Украина жаңжалы жана Орусиянын АКШ, НАТО жана Батыш менен болгон мамилесине арналды. 

Карлсон өзүнүн сайтына Путин менен болгон маегин жарыялап, андан соң аны X жана YouTube социалдык тармагына жайгаштырган.

X социалдык тармагына жарыялангандан бери интервью 200 миллиондон ашуун көрүүгө ээ болгон. Видеону YouTube сайтында 18 миллиондон ашык көрүшкөн. 
 

Ссылка: https://barometr.kg/karlson-putin-menen-maekteshnn-aldynda-al-akshnyn-chalgyn-kyzmattary-tarabynan-kzmldnp-turgan



Добавить комментарий