Акулалар адамдарга кол салган учурлар көбөйдү. Мунун себеби эмне?

20 июль 2023 10:17 355 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дем алыш күндөрү Флоридада акула эки адамга кол салган. Бул тууралуу Fox Weather сайтына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, 21 жаштагы серфер акуланын курмандыгы болуп калган. Акула кол салгандан кийин жигит бутунан оор жаракат алып, ооруканага жаткырылган. 

Ал эми экинчи учур, жээкке жакын жерде сууда сүзүп жүргөн 48 жаштагы киши болгон. Ал белинен жеңил жаракат алып, ооруканага баруудан баш тарткан. 

Маалым болгондой, акулалар жыл башынан бери АКШ штаттарынын пляждарында эс алып жүргөн адамдарга үч жолу кол салган. Бардык учурларда өлүм же оор жаракат алгандар болгон эмес.     

Адистер эс алуучуларга суу жырткычтары адамдарга "кызыкчылыктан" улам кол салышарын, алар көп учурда адамдарды өздөрү жеп жүргөн жаныбарлар менен адаштырып алышарын эскертишти. Мисалы, акула адамдарды деңиз мышыгына окшоштуруп алышы мүмкүн.    

Андыктан, адистер сууда жалгыз сүзбөөнү, башка адамдар менен чогуу болууга чакырат.    

Буга чейин, Галапагос аралдарында акула америкалык медайымга кол салып, анын бутун тиштеп алган. Аялга беш жолу операция жасалып, 100дөн ашык тигиш керек болгон.    
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/akulalar-adamdarga-kol-salgan-uchurlar-kbjd-munun-sebebi-emne



Добавить комментарий