Журналист Болот Темиров ага кол салгандарды сүрөтүнөн тааный алган жок

14 январь 2020 18:13 22795 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Factcheck.kg сайтынын редактору Болот Темиров ага кол салды деп кармалган шектүүлөрдү сүрөттөн так тааный албай турганын Facebook баракчасына жазды.

Белгилей кетсек, милиция Темировго кол салды деген төрт шектүүнү кармаганын билдирген.

"Кармалган шектүүлөр боюнча айта турган болсом, ишти алып барып жаткан кызматкерлер менен макулдашып, шектүүлөрдү таанууга башка күнү барам. Сүрөттөн аларды даана тааный алган жокмун", — деди ал.

Темиров андан сырткары ага колдоо көрсөтүп жаткан бардык кишилерге ыраазычылыгын билдирди.

Ал ошондой эле, айыгышкан кармашка карабай Кыргызстанда журналистика чындап эле төртүнчү күч болоруна ишене турганын жазды.

Factcheck.kg сайтынын редакторуна 9-январда чак түштө белгисиз үч киши кол салып, уюлдук телефонун алып кетишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/zhurnalist-bolot-temirov-aga-kol-salgan-shektlrd-daana-taanyj-algan-zhok



Добавить комментарий