Журналист Бүбүкан Досалиеванын сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду
Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиеванын сөөгү бүгүн жерге берилди. Бул тууралуу маалыматты туугандары "Барометрге" билдиришти.
Бүгүн, 7-июлда Бишкектин “Ала-Арча” көрүстөнүнө Досалиеванын сөөгү коюлду. Коштошуу зыйнатына журналисттин кесиптештери, туугандары, үй-бүлөсү катышты.
Бүбүкан Досалиева журналист, илимпоз, саясат таануучу, педагог катары кыргыз коомчулугуна таанылган. Ал саясат таануу илимдеринин кандидаты да болгон. 5-июль күнү 62 жаш курагында каза болду.
Досалиева кесибин жөн гана сүйбөстөн, келечекте журналист болом деген жаш муунду да тарбиялап келген. Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жана Бишкек гуманитардык университетинде да сабак берип келген.
Өмүрүнүн соңуна чейин кабарчы, мультимедиа жетекчиси, сыналгы берүүлөрүнүн башкы редактору, сыналгы өндүрүш продюсери болуп эмгектенип келди.
Ошондой эле, Бүбүкан Досалиева 2005-жылы "Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы менен сыйланган. Эл аралык Айтматовдук коомдук академиянын журналистика боюнча академиги болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/zhurnalist-bbkan-dosalievanyn-sg-ala-archa-krstnn-koyuldu
Добавить комментарий ×