Жол кырсыктарынын саны биринчи жарым жылдыкта 39,7 пайызга жогорулады

24 июль 2021 10:38 940 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Январь-июнь айында Кыргызстандын аймагында 3396 жол кырсыктары катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыкка шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

2020-жылдын январь-июнь айларына салыштырганда мындай кырсыктардын саны 39,7 пайызга көбөйгөн. Эң эле көп жол кырсыктары Бишкек шаарында-38 пайыз, Чүй областында-21,1 пайыз жана Ош областында-10,5 пайыз катталды

Жол транспорт кырсыктарынан 5070 адам жабыркады, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 41,5 пайызга көп.

Ошондой эле 329 каза тапты, бул 29,5 пайызга көп.

Ссылка: https://barometr.kg/zhol-kyrsyktarynyn-sany-birichni-zharym-zhyldykta-397-pajyzga-zhogorulady



Добавить комментарий