Жол кырсыктарынан эки күндө 15 адам каза болду
Кыргызстанда 12-13-июнда эки күндө жол кырсыктарынан 15 адам каза болду, ондон ашык киши жаракат алды. Көз жумгандардын, жабыркагандардын басымдуусу жаш балдар, арасында жаңы төрөлгөн ымыркай да бар.
13-июнда Ош-Исфана жолунда катталган кырсыктан жабыркаган дагы үч бала бир күндөн кийин ооруканада каза болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алар 5, 15 жаштагы балдар жана жаңы төрөлгөн ымыркай экенин билдирди.
Алты адамдын өлүмү менен аяктаган кырсык Ноокат районундагы Ош-Баткен-Исфана жолунун 23-чакырымында болгон. Анда эки унаа кагылышып, кырсык болгон жерде үч киши үзүлгөн. Жаракат алган тогуз адам ооруканага жеткирилген. Кагышкан эки машиненин бирөөсүн 15 жаштагы өспүрүм айдап бара жатканы аныкталган.
Ушул тушта кырсыктан жаракат алган дагы үч бала Ош облустук жана Ноокат райондук ооруканаларында жатат.
12-июнда Бишкек-Ош жолунун 495-чакырымындагы жол кырсыгынан алты адам көз жумган. Маалыматта айтылгандай, "Мерседес-Бенц" жүк ташыгыч автоунаасы менен менен "Хонда-Одиссей" үлгүсүндөгү машине сүзүшкөн. Кырсыктан дагы эки адам жабыркаган.
Ушул эле күнү Бишкек-Чолпон-Ата жолундагы кырсыктан үч киши каза болуп, алардын экөө кичинекей кыздар, бир адам алардын энеси экени аныкталды. Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине (ИИМ) жайкы туристтик мезгилде автоунаалардын кыймылы эселеп көбөйөрүн эскертип, жол кырсыктарын алдын алуу чараларын күчөтүүнү тапшырды. Ысык-Көлдүн облустук ички иштер башкармалыгы жол кыймылын көзөмөлдөөгө отуздан ашуун патрулдук топ чыгарын маалымдады.
Ссылка: https://barometr.kg/zhol-kyrsyktarynan-eki-knd-15-adam-kaza-boldu
Добавить комментарий ×