Чаткал районунда кар көчкү бууп калган жол ачылды

10 февраль 2020 16:32 663 Barometr
Бөлүшүү:
ok

10-февралда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда саат 08:30 чамасында Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка унаа жолунун 99-101-чакырым аралыктарында (Чапчыма ашуусу) 500м3 жана Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 4-9- чакырым аралыктарында (Капчыгай тилкеси) 3500м3 кар көчкү түшүп, унаа жолдор жабылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.  

Тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн, №27 ЖТИ 2 жүктөгүч, 1 бульдозер жана 1 грейдер тартылып, саат 15:30да унаа жолдор толук тазаланып, иш-чаралар аяктады.

Ссылка: https://barometr.kg/zhol-achyldy



Добавить комментарий