Жогорку соттун төрайымы мамлекеттик тил күнү менен куттуктады
Бүгүн, 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Буга байланыштуу Жогорку соттун төрайымы Нургуль Бакирова кыргызстандыктарды мамлекеттик тил күнү менен куттуктаганын “Барометр” маалымдайт.
“Урматтуу мекендештер! Сиздерди бүгүнкү Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктайм.
Ата-бабадан калган улуу мурасыбыз, улутубузду улут кылып келе жаткан куралыбыз-бул мамлекеттик тилибиз.
Кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алган отуз эки жыл ичинде татаал жана жемиштүү жолду басып өттү.
Мамлекеттик тилибиз -өз ара түшүнүүнүн, улуттук адабияттын гана эмес, мыйзам чыгаруунун жана мамлекеттик башкаруунун тилине айланды. Өлкөбүздүн гүлдөп өсүшүнө салым кошом деген Кыргызстандын ар бир атуулу мамлекеттик тилди мыкты өздөштүрүүгө милдеттүү. Мамлекеттик тилди кадырлап-сыйлоо, үйрөнүү, коомдук турмушубуздун бардык чөйрөсүндө кеңири колдонуу жарандарыбыздын маданий деңгээлин көрсөтөт эмеспи.
“Тилдин ээси – эл” деп, залкар атабыз Түгөлбай Сыдыкбеков белгилегендей, жалпы элдик аракет, бир тилекке бириккен улуттук мүдөө гана тилибиздин толук кандуу иштешине жана өркүндөшүнө өбөлгө түзөт.
Сот тутуму дагы эне тилин аздектеп,Пленумдун иши каралганда, судьялар ант бергенде, чоң жыйындар, тегерек столдор Кыргыз Республикасынын гимни жаңырып, андан соң кыргыз тилинде өткөрүлөт.
Демек, биздин тилек – өз өлкөбүздө өз тилибизде сүйлөп, иштейли деген табигый талап. Ошондуктан, баарыбыз эң ириде эне тилибизге кызмат кылуубуз менен элибизге ак санаган адал эмгек өтөөрүбүздү терең түшүнүшүбүз керек.
Кадырлуу мекендештерим, дүйнөдө теӊдеши жок „Манас“ эпосун жараткан кыргыз тилибиздин келечеги кең болсун! Ынтымагы бекем, духу бийик, руху күчтүү журт бололу!”,-деп айтылат куттуктоодо.
Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-sottun-trajymy-mamlekettik-til-kn-menen-kuttuktady
Добавить комментарий ×