Самбо боюнча улуттук курама команда Дүйнө чемпионатынан байгелүү келишти

15 ноябрь 2023 13:14 1958 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Самбо боюнча улуттук курама команда Дүйнө чемпионатынан байгелүү келишти. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Бүгүн, 14-ноябрь күнү самбо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Армениянын Ереван шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынан мекенине кайтып келишти.

“Спортчуларды “Манас Эл аралык аэрпортунан Дене тарбия жана спорт департаментине каратшуу  спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Эркин Уметалиев, Кыргыз Республикасынын самбо федерациясынын өкүлдөрү жана спортчулардын жакындары тосуп алышты”, -деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, самбо боюнча дүйнө чемпионаты 10-13-ноябрь күндөрү өтүп, улуттук курама команда жалпы 5 медаль жеңди (1 алтын 1 күмүш жана 3 коло медаль).

88 кг салмак даражасында Жамалбек Асылбек уулу спорттук самбо боюнча Дүйнө чемпиону болду. 

Ал эми 64 кг чейинки салмактагылар арасында Белек Бараканов күмүш медалга ээ болду.

Ошондой эле, 64 кг салмакта Саяк Бараканов, 09 кг жогоркулар арасында Бекболот Токтогонов, 88 кг салмак даражасында Бектен Эркебай уулу коло медалдарды багындырышты.

Ссылка: https://barometr.kg/sambo-boyuncha-uluttuk-kurama-komanda-djn-chempionatynan-bajgel-kelishti



Добавить комментарий