Садыр Жапаров журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн майрамы менен куттуктады

7 ноябрь 2023 09:54 2066 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы - Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 


Мамлекет башчысы жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин коом турмушунда болуп жаткан окуяларды чагылдырууда орду чоң экенин айтты. 


“Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Кыргыз журналистикасы жана басма сөз маалыматтары эгемендик жылдарында улуттук, маданий жана тарыхый баалуулуктарды бекемдөөгө олуттуу салымын кошуп келет.

Бүгүн маалымат алмашуу чагылгандай тездик менен жүрүп жаткан мезгил. Керек болсо жаңылыктар бир нече секунданын ичинде Жер шарын айланып өтөт. Бул ыкчам доордо сиздер аркалаган кесиптин – жалпыга маалымдоо каражаттарынын орду өзгөчө мааниге ээ. Заман жүгүнө жараша басылмалардын мүмкүнчүлүктөрү да кеңейүүдө, Интернет аркылуу окурмандардын саны да артууда. Мындай шартта жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин коом турмушунда болуп жаткан окуяларды чагылдыруудагы жоопкерчилиги дагы күчөйт.


Анткен менен көп кылымдык басма салты жана ата мекендик жалпыга маалымдоо каражаттарынын басып өткөн тарыхы жоголгон жок деп ишенем. “Төртүнчү бийликтин” күчү буга чейин да замандын кубаттуу кыймылдаткычы болуп келген, мындан ары да болуп кала берет.


Биз жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин жигердүү жарандык позициясын, өз ишин ар-намыс, ариет менен аткарып, журналисттин негизги принциптерин - басылманын татыктуу ийгилигинин башаты болуп калган ишенимдүүлүктү, объективдүүлүктү жана ыкчамдыкты жетекчиликке алган адистердин эмгектерин жогору баалайбыз.


Тандаган кесибиңиздерге ак ниет мамиле кылып, кесипкөйлүктү туу тутуп, коомубуздун туура багытта өнүгүшүнө берилүү менен кызмат өтөп келе жаткандыгыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем.


Журналисттер күнүн жалпы майрам деп атасак да жарашат. Анткени азыркы коомду маалыматсыз, маалымат каражаттарысыз, болуп жаткан окуяларга кесипкөй көз карашсыз элестетүү кыйын.


Урматтуу курч калем ээлери, ар дайым калыстыктан тайбай, тараптардын кызыкчылыктарын тең салмактап, коомдо адилет пикирди жаратууңуздарга тилектешмин. Ар бир сөзүңүздөр окурмандардын, көрүүчүлөрдүн, угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапсын.


Сиздерге чың ден соолук, чыгармачыл эргүү жана кесиптик ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм!


Майрамыңыздар менен!”.


***************


Поздравление Президента Садыра Жапарова с Днем информации и печати


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 7 ноября, поздравил журналистов и представителей средств массовой информации с профессиональным праздником - Днем информации и печати.


Приводим текст поздравления Главы государства:


“Уважаемые представители СМИ!


От всей души поздравляю вас с профессиональным праздником!


Кыргызская журналистика и печатная информация за годы независимости вносят значительный вклад в укрепление национальных, культурных и исторических ценностей.


Сегодня обмен информацией происходит молниеносно. При необходимости новости за считанные секунды могут облететь весь земной шар. В эту быстро меняющуюся эпоху роль вашей профессии приобретает особое значение. С течением времени расширяются возможности изданий, растет число читателей через Интернет. В этих условиях возрастает и ответственность работников средств массовой информации за освещение событий, происходящих в жизни общества.


Однако, считаю, что многовековая печатная традиция и история отечественных средств массовой информации не утеряны. Влияние «четвертой власти» было и будет мощным двигателем времени.


Мы высоко ценим активную гражданскую позицию сотрудников средств массовой информации, работу специалистов, которые с честью и достоинством выполняют свою работу, руководствуясь основными принципами журналиста - надежностью, объективностью и оперативностью, которые стали залогом достойного успеха издания.


Выражаю глубокую признательность за добросовестное отношение к выбранной вами профессии, профессионализм и преданность делу развития нашего общества.


День журналистов мы можем назвать общим праздником. Потому что трудно представить современное общество без информации, без средств массовой информации, без профессионального взгляда на происходящее.


Уважаемые обладатели острого пера, желаю вам всегда оставаться беспристрастными, балансируя интересы сторон и, формируя справедливое мнение в обществе. Пусть каждое ваше слово найдет отклик в сердцах читателей, зрителей, слушателей.


Желаю вам крепкого здоровья, творческого вдохновения и успехов в профессиональной деятельности!


С праздником!”.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-zhurnalistterdi-zhana-zhalpyga-maalymdoo-karazhattarynyn-kldrn-kesiptik-majramy-menen-kuttuktady



Добавить комментарий