Жогорку сот пандемияга каршы иш-чараларды күчөткөнүн билдирди. Соттор ооруп жатат

30 июня 2021 11:51 2775 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку соттун Басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, Жогорку соттун төрайымы Нургуль  Бакированын тапшырмасы менен сот тутумунда иштеген кызматкерлердин пандемиядан сактануу иш-чаралары күчөтүлдү. 

Жогорку соттун борбордук аппараты, облустук, шаардык жана райондук сотторго санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоого, анын ичинде социалдык аралыкты сактоо,  коомдук жайларда жана сот мекемелеринде, сот процесстери жүргөн залдарда беткап, антисептик колдонуу сыяктуу эрежелерди бекем карманууга тапшырма берилди.

Бүгүн, 30-июнда Жогорку соттун аппарат башчысы Эркин Мамыров борбордук аппараттын бөлүм башчылары менен кеңешме өткөрүп, ковидден сактануу чараларына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.  Оорулуулар менен контакт болгон кызматкерлерди аралыкта иштөөгө өткөрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле сот тутумунда иштеген кызматкерлерге ковидге каршы вакцинациядан тезирээк өтүүгө рекомендация берилди.  “Буга чейин да Жогорку соттун борбордук аппараты жана жергиликтүү сот мекемелеринде пандемияга байланыштуу оорунун жайылышын алдын алуу боюнча аракеттер көрүлүп келген”, - деп жазылат Басма сөзү тараткан билдирүүдө.

Соңку иш-чаралар өлкө боюнча пандемия күч алып келе жаткандыгына байланыштуу жана сот тутумунда иштеген кызматкерлердин арасында дагы ковид менен ооругандар, туугандары ооруп контакт болгондор катталып жаткандыгына байланыштуу жасалганы айтылган.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-sot-pandemiyaga-karshy-ish-charalardy-kchtknn-bildirdi-sottor-oorup-zhatat



Добавить комментарий