Жогорку сот Ахматбек Келдибековго карата чечимди жокко чыгарды
Жогорку сот 2021-жылдын 18-августундагы чечими менен Ахматбек Келдибековго карата 2015-жылы жана 2016-жылдары чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2015-жылдын 12-ноябрындагы өкүмү жана Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 11-мартындагы өкүмү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 13-октябрындагы өкүмү жокко чыгарылган.
«Акматбек Келдибековдун ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароо жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жаңы кароого жөнөтүлдү»,-деп берилет маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-sot-ahmatbek-keldibekovgo-karata-chechimdi-zhokko-chygardy
Добавить комментарий ×