Сот Уланбек Аалиевди 21-декабрга чейин камакта калтырды

25 октябрь 2021 11:49 868 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиевге карата бөгөт коюу чарасын кабыл алды. Бул тууралуу соттун маалыматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Соттун 2021-жылдын 23-октябрындагы чечимине ылайык Алиевге карата 2021-жылдын 21-декабрына чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына камоо боюнча бөгөт чарасы кабыл алынды.

Эскерте кетсек, 21-октябрда Аскер прокуратурасынын тергөө тобу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиевди өзгөчө ири өлчөмдө параны опузалап алуу жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектүү катары кармаган.

Ссылка: https://barometr.kg/sot-ulanbek-aalievdi-21-dekabrga-chejin-kamakta-kaltyrdy



Добавить комментарий