Жогорку сот Ахматбек Келдибековго карата чечимди жокко чыгарды

3 сентября 2021 17:03 2562 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку сот 2021-жылдын 18-августундагы чечими менен Ахматбек Келдибековго карата 2015-жылы жана 2016-жылдары чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2015-жылдын 12-ноябрындагы өкүмү жана Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 11-мартындагы өкүмү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 13-октябрындагы өкүмү жокко чыгарылган.

«Акматбек Келдибековдун ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароо жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жаңы кароого  жөнөтүлдү»,-деп берилет маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-sot-ahmatbek-keldibekovgo-karata-chechimdi-zhokko-chygardy



Добавить комментарий