Ахматбек Келдибеков, Мелис Турганбаев жана Дамирбек Асылбек уулу сыйлык алышты

23 августа 2021 11:01 1863 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков, мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйланды. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулуна ыраазчылык кат берилди.

Баардык сыйлыктарды президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды берип жаткан учурда тапшырды.   

Ахматбек Келдибеков Оор атлетика боюнча федерациянын президенти, Мелис Турганбаев жана Дамирбек Асылбек уулу күрөш боюнча федерациянын вице-президенттери болуп саналат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ahmatbek-keldibekov-melis-turganbaev-zhana-damirbek-asylbek-uulu-syjlyk-alyshty



Добавить комментарий