Жогорку окуу жайларга тапшыруунун босого баллы белгиленди
Быйылкы жылы окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алууда босого баллы 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.
Быйылкы жылы окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алууда бюджеттик негизде тапшыргандар үчүн негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды. Ал эми келишимдик негизде тапшыруучуларга негизги тесттин босого баллы 105 деп белгиленди. Ал медицина жана формация адистиктерине тиешеси жок.
Бул чечим “Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар ассоциациясынын” жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын сессиялардагы кайрылууларын, ата-энелердин жана абитуриенттердин өтүнүчтөрүн эске алуу менен кабыл алынды.
“Келишимдик негизде билим алуучулар үчүн босого баллдын 105 деп белгилениши - жогорку билим алууга далаалаттанган бүтүрүүчүлөрдүн өз эсебинен окуусуна жол ачат, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ата мекендик окуу жайларды колдоо болуп саналат», - деп айтылат маалыматта.
Быйылкы окуу жылында абитуриенттерди ЖОЖдорго кабыл алуу онлайн жүрөт. Билим берүү жана илим министрлиги бул үчүн https://2020.edu.gov.kg/ системасын иштеп чыкты.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү үчүн жалпы республикалык тест тапшыруу 21-июндан башталып, 11-12-июль күндөрү аяктады. Сынактын жыйынтыгы 13-19-июль аралыгында белгилүү болот. Быйылкы тестирлөөгө 41 727 бүтүрүүчү катталды.
Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-okuu-zhajlarga-tapshyruunun-bosogo-bally-belgilendi
Добавить комментарий ×