Чет өлкөдөн билим алууну каалайсызбы? 9-мартта атайын жолугушууга келиңиз

7 март 2024 16:06 1778 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Борбордун мектеп окуучулары чет өлкөдөн билим ала алышат. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт. 

Маалым болгондой, Бишкек шаарында 9-мартта саат 12:00дөн 18:00гө чейин «Novotel» мейманканасында 9-11-класстын окуучулары жана алардын ата-энелери үчүн билим жана кесиптердин көргөзмөсү өтөт.

«Баракелде групп» компаниясы АКШ, Англия, Түркия, Латвия, Германия, Италия ж.б. чет өлкөлүк университеттердин өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурат.

“Алар гранттарды жана стипендияларды алуу мүмкүнчүлүктөрү, тил курстары, ошондой эле маалыматтык технологиялар (IT) чөйрөсүндөгү курстар тууралуу маалымат берип, адистикти жана окуу жайды тандоо боюнча консультацияларды беришет.

Эскерте кетсек, иш-чарага кирүү акысыз, алдын ала катталуу төмөнкү шилтеме аркылуу өтсө болот: http://bg.kg/expoform.

Бул келечектеги студенттер үчүн алдыңкы эл аралык университеттердин өкүлдөрү менен таанышуу, программалар менен таанышуу, гранттар жана стипендиялар тууралуу билүү жана келечектеги билими тууралуу негиздүү чечим кабыл алуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк”, -деп айтылат маалыматта. 


Ссылка: https://barometr.kg/chet-lkdn-bilim-aluunu-kalagan-okuuchular-djnnn-e-aldyky-universitetterinin-kldr-menen-zholugushuuga-kelse-bolot



Добавить комментарий