Кореялык ырчылар интернетте эң көп көрүү топтоп Гиннес рекордун жаңыртты

18 апрель 2023 12:58 1017 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түштүк кореялык BlackPink поп-тобунун YouTube каналы музыкалык топтордун арасында эң көп көрүлгөн канал болуп, Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.  

Маалым болгондой, топтун каналындагы видеону көрүүлөрдүн жалпы саны 30 миллиарддан ашып, буга чейинки рекорд канадалык ырчы Жастин Биберди ашып өттү. 

Түштүк кореялык ырчы кыздардын YouTube каналы 2016-жылдын июнь айында түзүлгөн. Азыр анын 86,9 миллион жазылуучусу бар. 

Белгиленгендей, BlackPink 21-жолу Гиннес рекордун коюп жатат.  

 

BlackPink 2016-жылы негизделген түштүк кореялык кыздардан турган топ.  
Группада төрт артист бар - Джису, Дженни, Розе жана Лиза. Топтун акыркы альбому 2022-жылдын 16-сентябрында жарык көргөн. Альбом Кореянын эң престиждүү музыка сыйлыктарынын бири болгон "Жылдын альбому" наамына Melon Music Awards номинациясын алган. 
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/koreyalyk-top-internette-e-kp-kr-toptop-ginnes-rekordun-zhayrtty



Добавить комментарий