Жогорку Кеңештин жыйыны төрт саатан бери баштала албай жатат
Бөлүшүү:
Бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңештин 14:00го белгиленген жыйыны азыркы учурга чейин баштала элек. Буга отурумга дептутаттардын тийиштүү санда чогулбай жатканы себеп болууда.
Күн тартибинде, шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, атап айтканда шайлоого коюлуучу күрөөнү 5 миллиондон 1миллионго кыскартуу, форма №2 документтин жокко чыгаруу жана үгүт иштерине агитаторлорду колдонбоо маселелери каралуусу күтүлүүдө.
Мыйзам долбоору конституциялык болгондуктан 80 депутаттын катышуусу керек. Учурда жыйындар залында 73 депутат олтурат.
Добавить комментарий ×