Жогорку Кеңештин жыйыны төрт саатан бери баштала албай жатат

22 октября 2020 18:03 1219 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңештин 14:00го белгиленген жыйыны азыркы учурга чейин баштала элек. Буга отурумга дептутаттардын тийиштүү санда чогулбай жатканы себеп болууда. 

Күн тартибинде, шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, атап айтканда шайлоого коюлуучу күрөөнү 5 миллиондон 1миллионго кыскартуу, форма №2 документтин жокко чыгаруу  жана үгүт иштерине агитаторлорду колдонбоо маселелери каралуусу күтүлүүдө. 

Мыйзам долбоору конституциялык болгондуктан 80 депутаттын катышуусу керек. Учурда жыйындар залында 73 депутат олтурат.


Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-saat-1400go-belgilengen-zhyjyny-kvorum-zhoktuguna-bajlanyshtuu-bashtalbaj-zhatat



Добавить комментарий