Нурланбек Шакиев Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуп, эмне маселени талкуулашты?

26 июнь 2023 17:44 979 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Төрага Нурланбек Шакиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Нурланбек Шакиев Казакстан Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.

Жолугушууда Шакиев экономикалык кызматташтык тууралуу да сөз кылып, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү планын жакынкы аралыкта ишке ашыруу маселесине токтолду.

"Биз жөн гана стратегиялык өнөктөш өлкө эмес, эзелтен эриш-аркак жашаган, боордош мамлекетпиз. Андыктан, жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырып, кызматташтыгыбызды улантышыбыз керек", - деди Жогорку Кеңештин төрагасы.

Ал эми Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев эки мамлекет ортосунда алакалар акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, бардык маселе сүйлөшүүлөрдүн негизинде ыкчам чечилип жатканын билдирди.

Андан тышкары, маданий-гуманитардык кызматташтык жөнүндө да кеп кылып: "Өткөн жылы Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү жогорку деңгээлде өткөрүлүп, каада-салт, үрп-адаты окшош эки элдин маданий алакасы дагы бир тепкичке көтөрүлдү. Ушундай иш-чаралардын байма-бай уюштурулушу эки өлкө ортосундагы достук, бир туугандык мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөт деген ишеничтемин", - деди Касым-Жомарт Токаев.

Ссылка: https://barometr.kg/nurlanbek-shakiev-kasym-zhomart-tokaev-menen-zholugushup-emne-maseleni-talkuulashty



Добавить комментарий