Мындан ары өлкөдө тендер аркылуу сатып алуулар токтоду

25 июль 2023 18:21 987 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мындан ары тендер аркылуу кызмат көрсөтүүлөр токтоду. Бкл тууралуу президенттин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.  

Маалым болгондой, Кыргызстанда тендер аркылуу сатып алуулар токтоду. 

Бүгүн, 25-июлда президент Садыр Жапаров мыйзамга кол койду.

“Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 25-июлунда “Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Ал мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууну өркүндөтүү жана оптималдаштыруу, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу максатында иштелип чыккан.

Мыйзамда мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле “тендер” түшүнүгүн камтыган бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Ошентип, бул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 13 Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилет.
Ошону менен бирге мамлекеттин жана калктын ар кандай товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүн канааттандыруу максатында:
•   татаал, ишке ашырылбаган механизмдер алынып салынган жана кайра каралган;
•    сатып алуулар планын өзгөртүүдө жол-жоболор кыскартылган;
•    бир булактан методду колдонуу учурлары кеңейтилген.

Ошондой эле, мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун суроо-талаптары боюнча жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү берүү функциясы каралган”, -деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/myndan-ary-lkd-tender-arkyluu-satyp-aluular-toktodu



Добавить комментарий