ЖК депутаттары коронавирус менен күрөшүүгө дээрлик 4 млн сом которот
Бөлүшүү:
Жогорку Кеңештин депутаттары 31-мартта коронавируска каршы күрөшүүгө өздөрүнүн бир айлык маянасын которот. Ал сумма 3 млн 907 миң 455 сомду түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.
Белгилей кетсек, парламентарийлер буга чейин бир айлык маянасын коронавируска каршы күрөшүү боюнча ачылган атайын эсепке которууну чечишкен. Учурда аталган эсепке 51 миллионго жакын каражат чогулду.
Белгилей кетсек, акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус 94 кишиге жукканы тастыкталды.
Ошол эле маалда коронавирус жуккан адам, оорудан сакайып, бүгүн, 30-мартта, үйүнө чыгарылды.
Добавить комментарий ×