Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстанга расмий сапары менен жөнөп кетти
Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстан Республикасына расмий сапары менен жөнөп кетти.
Расмий сапарынын алкагында төрага Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Жогорку Жыйынынын Улуттук Кеңешинин төрагасы Рустами Эмомали жана Өкүлдөр палатасынын төрагасы Файзали Идизода менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Эскерте кетсек, Нурланбек Тургунбек уулу баштаган Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Сүйүнбек Өмүрзаков, Мурадил Сыдыков, Пархат Тулендыбаев, Арсланбек Малиев, Бекмурза Эргешов, Чыңгыз Ажибаев жана Бактыяр Калпаев бар.
Ссылка: https://barometr.kg/nurlanbek-turgunbek-uulu-tazhikstanga-rasmij-sapary-menen-zhnp-ketti
Добавить комментарий ×