Кандай жүйө менен парламентти таратуу сунушталууда
Бүгүн, 17-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу парламентти таратуу боюнча депутаттардан демилге келип түшкөнүн белгилеп, бирок аталган сунуш жалпы депутаттардын кароосу менен чечилерин билдирди.
"Депутаттар тарабынан атайын демилгечи топ түзүлүп, парламентти таратуу сунушун жүйөлүү себептер менен негиздеп, менин атыма кайрылууну киргизишти. Аталган кайрылууга 32 депутат кол койгон экен. Анын негизинде тиешелүү тапшырмаларды бердим, учурда керектүү иштер жүргүзүлүп жатат”, – деди ал.
Төрага демилгечи топтун жүйөлөрү негиздүү экенин белгиледи.
"Өзүңүздөр жакшы билгендей, 2027-жылдын январь айынын акыркы жекшембисинде Президенттик шайлоо өтөрүн мыйзам менен так бекитип бергенбиз. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү 2026-жылдын ноябрь айында өтүшү керек болчу. Бирок чоң маанидеги негизги шайлоолордун катар-катар өтүшү саясий жактан да, экономикалык жактан да бир топ маселелерди жаратат. Борбордук шайлоо комиссиясы үчүн да техникалык эле эмес, физикалык жактан дагы оор болору белгиленген. Андыктан демилгечи топтун келтирген бул жүйөлөрү туура деп эсептейм”, – деди ал.
Ссылка: https://barometr.kg/kandaj-zhj-menen-parlamentti-taratuu-sunushtaluuda
Добавить комментарий ×