Жигиттерге таманын көрсөткөн чоң эне оңбогондой акча табууда

7 февраль 2020 17:38 931 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Американын Калифорния штатынын Лонг-Бич шаарынын 60 жаштагы тургуну жигиттерге таманын көрсөтүп, саатына 200 доллардан табат. Бул тууралуу Unilad басылмасы жазды.

Ага ылайык, 60 жаштагы Тамми Болтин 2017-жылдан тарта вебкам-модель боло баштаган. Бардыгы ал 20 жыл чогуу жашаган сүйүктүүсү менен ажырашып, таанышуу сайттарынын бирине катталгандан кийин башталган. Жакында эле чоң эне болгон Болтин ага көз кыскандар көбөйгөнүн жашырбайт. Андыктан ал дене мүчөсүн көрсөтүп акча табууну чечкен.

“Мен интровертмин, бирок башка кишилерге дайыма жакшылык жасагым келет”, — дейт ал.

Болтиндин негизги кардарларын студенттер, үйлөнгөн эркектер түзөт. Алардын жаш курагы болжол менен 18тен 35 жашка чейинкилер.

Мындай ыкма менен ал айына үч миң доллардай табат. Бул мурдагы иш ордунан тапкан айлыкка караганда алда канча көп. 60тагы Тамми Болтин учурда өзүн эң жакшы сезерин жана өзүн баалай билүүнү үйрөнгөнүн айтат.

Ал акча табуу боюнча үй-бүлөсүнүн жана досторунун пикири аны эч ойлондурбай турганын билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/zhigitterge-tamanyn-krstkn-cho-ene-obogondoj-akcha-tabuuda



Добавить комментарий