Жигиттерди кантип сүйдүрүп алуу керек?

16 март 2019 12:39 12096 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыздардын баары ар түрдүү. Бирөөлөр ар бир жакшынакай жигитти көрсө эле жактырып калып, аны болочок жубайы, балдарынын атасы кылып элестетип алат. Кээ бири тескерисинче жигиттерди абдан сындап, аябай тандайт. Бирок тигил тарап да, бул тарап да чыныгы жакын адамын кезиктиргенден кийин “ага кантип жетсем экен, жүрөгүн кантип ээлесем экен?” деген суроого баш катыра баштайт. barometr.kg  селкилерге төмөнкү кеңештерди эске ала жүрүүнү сунуштайт.

Албетте тигил же бул жигитке ушундай кылсаң болот деген так инструкция эч качан болгон эмес жана болбойт дагы. Жигитти сүйдүрүп ала турган бирдей схема дагы жок. Бирок жалпы мырзаларга таандык мүнөздөрдөн улам иштелип чыккан бир нече эреже бар.

Мындай аракеттерди сактоо менен жигиттин көңүл буруусуна, ага жакындоого жана акырындап мамилени өнүктүрүүгө болот. Анда кеттик! Баардыгы эң эле жөнөкөй: кыз менен жигиттин ортосундагы симпатия үч чоң нерсеге негизделген. Алар: физикалык жактан жагымдуулук, кызыкчылыктардын дал келиши жана кызыктуу маектеш болуу.

Кандай аракеттерди кылуу керек?

Жигит аябай жагып калса биринчи кезекте “ага кездешүү жагдайын” түзүү маанилүү. Ал сизди көп ирет көрүп, жолугуп, сүйлөшүп турушу кажет. Силер чогуу окусаңар же иштесеңер жакындашуу мүмкүндүгү эки эсеге көбөйөт. Канчалык баналдуу  кеңеш болсо дагы баары бир -  алгачкы этапта анын бааралашуу чөйрөсүнө кирүү абдан маанилүү.

Сиз жактырган жигиттин жактырган нерсесине чындап кызыкканга аракет кылыңыз. Ал эмнени жактырат экен, эмнеге кызыгат экен мунун баарын билүүгө аракеттениңиз.

Ошондой эле сүйлөшө келгенде өтө ачык-айрым болбой сырдуулукту сактаңыз. Абдан эле ачык айрым болуу менен  жигиттин түпкү сезиминде жаңыдан ойгонуп, калыптана баштаган романтикалык образды тез эле бузуп алууга болот.

Өзүңүз жөнүндө маалыматты дозасы менен гана бериңиз.

Ошентип жигитти өзүңүзгө көңүл бурдурдуңуз дейли, кийинки маанилүү баскыч бул дайыма жакшынакай кийинип жүрүү.Кандай деп талашсаңыз да моюнга алчу факты-эркектер көзү менен сүйлөт. Жалпы кызыкчылыктар менен жагымдуу баарлашуу анын симпатиясы менен достук сезимдерин ойготсо, ийинден төгүлгөн чачыңыз жана ирмелген кирпиктериңиз жигиттин башка сезимдерин козгой алат.Бул үчүн көкүрөгү ачык кийим же кыска юбка кие калыштын, бетке бир тонна косметика жабыштын кажети жок. Таза, тыкан жана бир аз гана сексуалдуу көрүнүңүз!

Ошентип жигиттин көңүлүн бурдургандан кийин ар бир жолугушууну майрамга айландыргандай кылыңыз. Романтикалык жолугушуунун кандайча кызыктуу кылуунун кеңештерин кийинкиде сунуштамакчыбыз.

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhigitterdi-kantip-sjdrp-aluu-kerek



Добавить комментарий