Жети-Өгүздө жол кырсыгынан үч эркек киши жабыркады
Жети-Өгүздө “Honda-Avancier” жана “BMW-525” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Жети-Өгүз районунда 29-мартта саат 18:26 чамасында Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 194-чакырымында (Тилекмат айылы) “Honda-Avancier” жана “BMW-525” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши жабыркаган.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, кыпчылып калган 1986-жылы туулган эркек кишини унаадан чыгарышкан. Ал эми, жабыркаган 2 эркек кишини (аты-жөндөрү такталууда).
КР ӨКМнин №15 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жеткенге чейин тез жардам кызматы облустук ооруканага алып кеткен. Абалдары туруктуу.
Ссылка: https://barometr.kg/zheti-gzd-zhol-kyrsygynan-ch-erkek-kishi-zhabyrkady
Добавить комментарий ×