Чу дарыясына автоунаа тушүп кетип, 2 адам каза болду

2 июль 2022 11:48 1124 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чу дарыясына жеңил автоунаа түшүп кетип, эки адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык 1-июль күнү болгон.

"Тоуоta Corolla үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Чу дарыясына түшүп кетип, кырсыктын кесепетинен унаанын ичиндеги 65 жаштагы М.Г.  жана 41 жаштагы Ж.А. аттуу эки жаран каза болгон. Ошондой эле, 1952-жылы туулган И.Л. жана 1972-жылы жылы туулган Н.Л. аттуу эки аял киши жабыркаган. Окуя Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Карл Маркс айылында орун алган.

Жерине саат 21:17де  ӨКМдин  Аламүдүн райондук N1 ӨККБдан 3 куткаруучу чыгып, саат 21:30да жеткен. Куткаруучулар Октябрь айыл өкмөтүнүн эксковатору менен дарыяга түшүп кеткен унааны чыгарып, каза болгон жарандардын сөөгүн  ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Айта кетсек, бул ишке аймактагы Чек ара кызматынын кызматкерлери да жардам көрсөтүшкөн. Ал эми жабыркаган эки аял тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/chu-daryyasyna-avto-unaa-tushp-ketip-2-adam-kaza-boldu



Добавить комментарий