Жети-Өгүздө жол кырсыгынан үч эркек киши жабыркады

30 марта 2021 11:07 690 Barometr
Поделиться в:
ok

Жети-Өгүздө “Honda-Avancier” жана “BMW-525” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Жети-Өгүз районунда 29-мартта саат 18:26 чамасында Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 194-чакырымында (Тилекмат айылы) “Honda-Avancier” жана “BMW-525” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши жабыркаган.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, кыпчылып калган 1986-жылы туулган  эркек кишини унаадан чыгарышкан. Ал эми, жабыркаган 2 эркек кишини (аты-жөндөрү такталууда).

КР ӨКМнин  №15 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жеткенге чейин тез жардам кызматы облустук ооруканага алып кеткен. Абалдары туруктуу.

Ссылка: https://barometr.kg/zheti-gzd-zhol-kyrsygynan-ch-erkek-kishi-zhabyrkady



Добавить комментарий